27.06.2019 12:12

Ирина Карамушкина: Ага-ини Жээнбековдорду дагы кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек 

Ирина Карамушкина: Ага-ини Жээнбековдорду дагы кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек 

Бүгүн Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселесин карап жатат. Башкы прокуратуранын чечими угузулгандан кийин депутат Ирина Карамушкина эч кандай суроо бербей турганын, анткени «бардык жооптор айыптоочу мүнөздө болоорун», бирок айта кетчү сөзү бар экенин билдирди.

Текстти толук келтиребиз:

«Урматтуу башкы прокурор, мен сизге ишенбей калдым. Башкы прокурор катары мен сизди түшүнбөйм жана жек көрүү менен мамиле кылам. Сиз экс-президентти айыптап жаткан бардык пункттар боюнча, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топту түзүү боюнча - аны менен [Алмазбек Атамбаев-ред.] бир командада КСДП партиясы жана фракциясы, депутаттар, ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков, ал кезде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков болчу. 

ЖЭБ боюнча макулдашууну Асылбек Жээнбеков жана депутаттар менен профилдик комитеттер ратификациялашкан. Ага-ини Жээнбековдорго дагы экс-президенттин шериги катары толук кылмыш жоопкерчилиги жүктөлүшү керек.

Эки сөзүңуздүн бири эле Атамбаев болду. Мен сиздин айыптоо жагына ыктап жатканыңызды түшүнүп турам, бирок анда ал өлкөдө монархия болуп, депутаттык корпус болуп жаткан нерселерди коштоп жүргөн дегенди билдирет. Демек, мамлекетте демократиялык эмес, монархиялык принцип болгон. Эгер сиз коюп жаткан айыптоолордун баары чынында болгон болсо,  анда ал депутаттардын үн катпаган макулдугу менен болгон».